7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-өзбек чек арасы: Эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Тараптар кандай чечимге келишти? 

791

Бүгүн, 6-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Чанач-Сай жерлигинде Кыргызстандын Жалал-Абад жана Өзбекстандын Чыгыш (Восток) багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачыларынын Кыргызстандын үч жаранына каршы курал колдонуп, кийинчерээк алар октон алган жараатынан каза болгон чыр-чатактын чоо-жайы боюнча өз маалыматтарын (версияларын) айтышты.

Кыргызстандын чек ара өкүлү Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик чек ара сызыгынан 50-55 метр алыстыкта гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара кезмети мамлекеттик чек араны бузуп кирип Кыргызстандын жарандарына каршы курал колдонгондугунун себептерин түшүндүрүүнү талап кылды. Мындан тышкары, кыргызстандыктар каза болгон жерден 80 метр алыстыкта 2000 кг селитра табылган.

Өзбекстандын чек ара өкүлүнүн маалыматы боюнча Өзбекстандын чек ара кезмети чек арадан мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди алып өтүүгө катышкан жарандарды аныкташкан. Өзбекстандын чек ара өкүлүнүн айтымында, чек ара бузуучуларды кармоого аракет кылып жатканда чек араны бузгандар өзбек чек арачыларына таш ыргытып, аларды Кыргызстандын аймагына сүйрөп өтүүгө аракет кылышкан. Өзбек аскер кызматкерлери жарандарга каршы курал колдонууга аргасыз болушкан.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар төмөндөгүдөй чечимге келишти:

— чек арачылардын көзүнчө мамлекеттик чек араны атайлап эмес бузган учурда чек ара кезметине курал колдонууга кескин түрдө тыюу салуу;

— кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турумун сактоо боюнча эки тараптын өздүк курамы менен кошумча биргелешкен сабактарды өткөрүү;

— Кыргызстандын Ала-Бука жана Өзбекстандын Янги-Курган багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү бардык көйгөйлүү аймактарда мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруунун тартибин аныктоого тийиш.

Мындан тышкары чыр-чатактарды болтурбоо боюнча эки Өлкөнүн чектеш жайгашкан аймактардын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Чыр-чатактын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды. Ала-Бука районундук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргызстандын үч жаранынын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, саат 18.30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

792