7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызкөмүрдүн» директору Ашырбаев 3-октябрга чейин камалды

935

«Кыргызкөмүрдүн» директору Канатбек Ашырбаев 3-октябрга чейин камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, токтом кечээ, 5-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылган.

«Шектелүүчү Канат Ашырбаевге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2021-жылдын 3-октябрь күнүнө чейин тандалды жана ал  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна киргизилди», — деп берилет маалыматта.

Эске салсак, 3-августта«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашинбаев жана «Кара-Кече» филиалынын бухгалтери «Д.Р.Э.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен. Алар пайда көрүү максатында «Кара-Кече» кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн.

«Кыргызкөмүрдүн» директору менен бухгалтери коррупцияга шектелип кармалды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

936