7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан атаандаштыкка жөндөмдүү жана күчтүү мамлекеттердин башка “лигасына” өтүп бара жатат

484

Мен ар дайым сандарды окуп, туура тыянак чыгара билүү — бул биздин мындан аркы ийгиликтерибиздин ачкычы экенин айтып келем. Сандар биздин аналитикалык куралыбыз жана стратегиялык чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болушу керек. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

“Биз бул сандардын артында эмне турганын жакшыраак түшүнүшүбүз керек: кайсы тармактарда эң көп өсүш байкалууда, кайсы аймактар ИДПнын өсүшүнө олуттуу салым кошуп жатат жана мындан аркы өнүгүү үчүн күч-аракетибизди кайда топтошубуз керек. Бул сандардан биз чыгарган тыянактар мындан аркы аракеттердин негизин түзүшү керек”,-деди Жапаров.

Ал ошондой эле “Кыргызстан акырындык менен атаандаштыкка жөндөмдүү жана күчтүү мамлекеттердин башка “лигасына” өтүп бара жатканын, ошого жараша эл аралык каржы институттары менен өз ара аракеттенүү да сөзсүз түрдө өзгөрөрүн” кошумчалады.

“Мен сиздерге жетекчи катары эмес, сиздер менен бир миссияны бөлүшкөн адам катары айтып жатам. Бул жерге Президенттин Администрациясынын кызматкерлери эле чогулган жок. Сиздер “көрүнбөгөн фронттун жоокерлерисиздер”, өлкөнүн тагдыры мойнунда турган сакчыларысыздар. Сиздердин ар бириңиздер мамлекеттик башкаруунун бардык механизмин алдыга жылдырган негизги элементсиздер. Биз бул жерге чоң миссия менен келдик. Биз өлкөбүздүн жана элибиздин алдындагы ыйык милдетибизди аткарабыз”, – деди ал.

 

485