Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Кыргызстан үчүн 100 идея» аттуу жаштардын долбоорлоруна сынак жарыялайт.
«Кыргызстан үчүн 100 идея» аттуу долбоорлордун сынагына жаш, креативдүү, жигердүү жарандарыбызды катышууга чакырабыз. Сынак 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар арасында уюштурулат.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
“Креативдүү индустрия” (IT-чөйрөсү);
“Илим жана изилдөөлөр”
“Медицина”;
“Экологияны сактоо”;
“Социалдык чөйрө”;
“Өндүрүштүк технологиялар жана өнөр жай инфратүзүмү”;
“Туризм” жана “Коопсуздук”.
Сынактын жеңүүчүлөрү диплом, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат жана 2025-жылы Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчөө мамлекеттердин “КМШ үчүн 100 идея” эл аралык жаштар долбоорунун сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Сынакка катышуу үчүн 2024-жылдын 30-апрелинен 30-июнуна чейин https://jashtar.info/ сайтына табыштама берүү зарыл. Кошумча байланыш телефону (312)660952.