7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын» брендине өзгөчө укуктарды алды

17
Бүгүн, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” долбоорунун интеллектуалдык укуктары Министрлер Кабинетинин карамагына, так айтканда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүлүп берилди.

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги ролун белгиледи.

«Бүгүн биз абдан маанилүү окуяга күбө болуудабыз. Акыркы он жылдыкта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары этникалык маданиятты, көчмөндөр цивилизациясынын баалуулуктарын жана салттуу спортту жайылтуу боюнча эң ири глобалдык аянтчалардын бирине айланды. Бул долбоор бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн чыныгы улуттук бренд, мамлекетибиздин маданий дипломатиясынын флагманы жана эл аралык беделибиздин маанилүү символу, — деп белгиледи минкаб төрагасы.

Минкаб төрагасы оюндар Кыргызстанда 2014, 2016 жана 2018-жылдары ийгиликтүү өтүп, дүйнөлүк коомчулуктун зор кызыгуусун жаратканын эске салды. Андан кийин Түркия (2022) жана Казакстан (2024) эстафетаны колго алып, эл аралык аренада да жогорку баага татыды. 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өтөт жана Кыргызстан дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторду тосуп алууга кызуу даярдык көрүүдө.

Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын пайдубалын түптөп, анын бренд катары өнүгүшүнө зор салым кошкон директору Асхат Акибаевдин жетишкендиктерин өзгөчө белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга товардык белгилерге өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү Оюндардын институционалдык жана укуктук негиздерин бекемдеп гана тим болбостон, туруктуу мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын туруктуу өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзөбүз. 2026-жылы VI оюндарын жогорку эл аралык стандарттарга жооп берген деңгээлде өткөрүү — биздин артыкчылыктуу максаттарыбыздын бири. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөн гана спорттук мелдеш эмес. Бул тынчтыктын, биримдиктин, элдердин достугунун аянтчасы, адамзаттын тарыхый тамырын сыйлаган, көп улуттарды бириктирген цивилизациялар ортосундагы көпүрө”, — деп белгилеген Адылбек Касымалиев бренддин мамлекетке өтүшүн Кыргызстандын дүйнөлүк маданият жана спорт саясатында позициясын мындан ары да бекемдей турган чечим деп атады.

18