7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызстан кабардар болгон эмес» Нью-Йорк соту Центерранын арызын четке какты

1123

Нью-Йорктун банкрот иштери боюнча судьясы 19-июлда «Kumtor Gold Co» компаниясы боюнча ишти карап, тыюу салуудан убактылуу баш тартты. Бул иш АКШнын Банкрот жөнүндөгү кодексинин 11-беренеси (реорганизация) менен каралган. Муну менен сот «Центерра» соттук тыюу салууну талап кылган арыз менен Кыргызстан кабардар болгон эмес деген чечим чыгарган, деп маалымдайт «Law360» басылмасы.

Теңгиз Бөлтүрүктүн «Азаттыкка» билдирген маалымат боюнча, Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча судья Лиза Г. Бекерман «Центтера Голддун» кызыкчылыгын коргогон «Sullivan & Cromwell LLP» юридикалык компаниясынын адвокаты Жеймс Бромлинин арызын караган. Анда адвокат Кумтөргө мыйзамсыз сырткы башкаруу киргизилгенин жүйө кылып, кендин мүлкүн жана эсептерин камакка алууну суранган.

Бөлтүрүктүн айтымында, ишти караган судья арызды канааттандыруудан убактылуу баш тартып, 17-августтагы сот отурумунда кароо чечимин кабыл алды.

Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр» ишканасын банкрот деп таануу боюнча арыздар алгач Кыргызстандын аймагында каралышы керектигин билдирди.

Булак: «Barakelde»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1124