7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Афганистанда айт намазын окуп жаткан президенттин сарайына ракета атылды

1052

Кечээ, 20-июлда саат 8:00 чамасында Афганистандын борбору Кабул шаарындагы президенттин сарайына белгисиз тараптан 3 ирет ракета жардырылды. Анда президент жана башка мамлекет башчылары Курман айт намазын окуп жатышкан.  Бул тууралуу “Ariana News” Ооганстандын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирет.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин өкүлү Мирваис Станекзайдын айтымында, биринчи ракета Эдгар мечитинин жанына, экинчиси Тышкы иштер министрлигинин жанына, үчүнчүсү Чаман-э-Хозори аймагынатүшкөн. Ал эми 3 ракета тең  Кабулдагы Парван-э-Се аймагынан атылган. Бактыга жараша, жардлыруудан эч ким жабыркаган эмес.

Намаз окуп жаткан башчылардын дээрлик бардыгы ракета жарылып жаткандыгын угуп жатса да, намаз окууну үзгүлтүккө учураткан жок. 

Азырынча бир дагы топ, анын ичинде “Талибан кыймылы” (Россия Федерациясында кыймылга тыюу салынган) кол салуунун жоопкерчилигин  өзүнө ала элек. Бирок, президент Ашраф Гани буга чейин кол салууларга талибдерди айыптаган болчу. Гани ошондой эле талибдердин согушту жана адам өлтүрүүнү токтотуу ниети жок экенин кошумчалады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1053