7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  

Курсы валют:

84,73
USD 0,00%
99,93
EUR 0,00%
1,15
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
32°C

Фото\ Сузактагы селдин кесепети, дамбанын жарылышы териштирилет

461

Кечээ, 20- июль Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катуу жааган жамгырдан, Кара-Дарыянын суусу ташкындап бир нече айылдарды сел каптады. Жеринде куткаруучулар, атайын комиссия иш алып барууда. Алар менен бирге жүргөн, 7-каналдын аймактык кабарчысы Бүбүсара Орозалиева билдирген маалыматка ылайык, жабыркаган турак үйлөрдүн саны 500дөн ашкан.

Маалыматка ылайык жергиликтүү бийлик, 150 кишини убактылуу үйлөргө жайгаштырган. Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев турак үйлөрдү суу каптоосуна 3 дамбанын жарылуусу себеп болгонун, бул жагдай боюнча кызматтык иликтөө жүрөөрүн билдирди.

Кошумчалай кетсек, аталган айылда 2012-жылдары катуу жааган жаандан айылды сел каптаган. Мындан улам сел келүү кооптуулугу күч 3 жерге дамба курулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

462