Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кытайдын борбордук провинцияларында катуу суу ташкыны катталып, темир жол станциялары жана жолдор суу астында калды. Би-Би-Синин жаңылыктарына ылайык, ондон ашуун шаарды суу каптап, Хэнань провинциясында 10 миңге жакын адам эвакуацияланган.
Ал эми Синьхуа маалымат агенттигинин маалыматында, жалпы 145 миңге жакын жергиликтүү тургун жапа чеккенкени айтылат. Үч адам каза болуп, метродон эки адам дайынсыз жоголгон.
“Жааган жаандан улам негизги жолдор жабылып, бардык каттамдар токтотулду. Бийлик жамгырдын кесепетинен Хэнань провинциясындагы дамба жарылып кетиши мүмкүн деп кооптонууда. Луянг дамбасында 20 метрлик жырык пайда болгонун расмий жактар билдиришти. Бул аймакка аскер кызматкерлери жөнөтүлгөн. Ошондой эле, Чжэнчжоуда акыркы үч күндөн берки жааган жамгырдын көлөмү 1 жылдык жааган жамгырдын ордун толуктайт”, — деп берилет маалыматта.