7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан-Казакстан мамилеси: Алаканы алгалаткан боордоштук

645

Эсибизде, Нурсултан Назарбаев бийликтен кетип, ордуна Касым-Жомарт Токаев келгенден кийин кыргыз-казак мамилесинин андан аркы өнүгүшү көпчүлүктү ойлонткон. Бирок, бала чагында Кыргызстанда жашап, кыргыз элинин жакшылыгын көргөн Касым-Жомарт Токаев бийликке келгенден кийин Кыргызстанга, кыргыз элине болгон боордоштук мамилесин билдирди. Кыргызстан бир тууган, боордош эл экенин айтып, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүн каалай турганын, ал үчүн Казакстан дайыма колдоого даярдыгын баса белгилеген.

Касым-Жомарт Токаевдин бийликке келиши менен Кыргызстан менен Казакстандын экономикалык ж.б. жаатындагы солгундап калган байланышы жаңы, сапаттуу деңгээлде чыкты. К. Токаевдин эрки, тапшырмасы менен Казакстан жана Кыргызстандын ортосунда ар кандай деңгээлдеги жолугушуулардын саны көбөйдү. Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуулары эки өлкөдө тең өттү. Мамлекеттик органдардын кызматташуулары жанданып, соода-экономикалык байланыштар чыңдалды. Өлкө башчыларынын мамлекеттик жана расмий иш сапарлары болду. Өткөн жылдын жайында К. Токаев Кыргызстанга расмий сапары тарыхый деп бааланып, анын натыйжасында 13 маанилүү документтерге колдор коюлду. Атап айтсак, биргеликте соода-логистикалык борбор куруу чечими кабыл алынды. Ысык-Көл облусуна Казакстандын каржылоосу менен 300 млн. долларга күн батереясы курула турган болду. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышуу чечими кабыл алынды.

Эгерде мурда эки өлкөнүн жарандарынын чек аралардан өтүү процедуралары жарандарга кыйынчылыктарды жаратып келген болсо, К. Токаевдин келүүсү менен бул көйгөй кескин жакшырып, жарандардын түйшүктөрү жеңилдеди. Жүктөрдү ташууда жаралган көйгөйлөргө да бөгөттөр коюлду.
Коргонуу, коопсуздук маселесинде да Кыргызстан менен Казакстандын өнөктөштүгү жаңы деңгээлге чыкты. Бир эле мисал, Казакстандын аймагына Россиянын колдоосу менен ЖККУнун аскердик техникалары киргизилгенде, Кыргызстан дипломатиялык алкакта Казакстандын позициясын колдоого алды. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу кагылышууда Казакстан бийлиги Тажикстандын кол салуусун айыптап, кыргыз элине колдоосун билдирип жатты. Мунун баары Кыргызстан менен Казакстан кошуналар, соода-экономикалык өнөктөштөр гана эмес, боордош элдер, дос өлкөлөр экендигинин айныгыс мисалы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646