7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү келишими ратификацияланды

360

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 30-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Келишимдин негизги максаты ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерди бирлик жана стратегиялык өнөктөштүк маанайда андан ары чыңдоо болуп саналат.

Келишим 1997-жылдын 8-апрелиндеги Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жана 2003-жылдын 25-декабрындагы Бирлик мамилелери жөнүндө келишимди толуктайт, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Келишим Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы саясий, аскердик-техникалык, экономикалык, инвестициялык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле миграция жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү комплекстүү өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет.

361