7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды

522

20-майда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда маектештер кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер, жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде Казакстандын аймагы аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүшү, Кыргызстандын жарандарынын кыргыз-казак чек арасынан өтүүсүн жеңилдетүү, маданият күндөрүн өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Казакстанстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин Кыргызстанга боло турган расмий иш сапарын даярдоосуна өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

523