7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл микрокредиттин эң көп көлөмүн Ош облусу алып, 22%ды түздү

361

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 8,5 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 168,4 миң адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү — 23,4%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош жана Жалал-Абад облустарына (17,3%ы), ошондой эле Бишкек ш. (14,5%ы) туура келди.
Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 1,9 млрд. сому же 22,8%ы), Бишкек ш. (1,4 млрд. сом же 16,5%), Жалал-Абад (1,3 млрд. сом же 15,1%) жана Чүй облустарынын (1,2 млрд. сом же 13,8%) алуучуларына берилди.
Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 36,3%ы — айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 30,2%ы — керектөөчүлүк муктаждыктарга, 11,5%ы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталды.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында белгиленген мөөнөттөргө ылайык микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли, өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу бир пайыздык пунктка көбөйүү менен 89 жакын пайызды түздү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

362