7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тендерге катышкан компанияга жардам берем деп 22 700 доллар сураган статс-катчы кармалды

5963

УКМК Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы Нурматова Жылдыз Байишевна коррупцияга айыпталып армалгандыгын кабарлайт.

УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын статс-катчысы «Н.Ж.Б.» тарабынан кызматтык абалынан пайдаланып, алдамчылык аракеттеринин фактылары аныкталып, натыйжасында, арыз ээсинин материалынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) кылмыш курамы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кылмышка шектүү «Н.Ж.Б.» 2020-жылдын октябрында  «Ж.И.» аттуу жаранга компаниянын өзүнүн жетекчилиги астында өткөрүлгөн товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча тендерге катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү шылтоосу менен 22 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттарды өзүнө ыйгарып алган.

Мунун менен катар, ал көрсөтүлгөн каржылык колдоо үчүн, арыз ээсине мамлекеттик кызматка орношууда ар тараптуу жардам көрсөтөт, ал бюджеттик каражаттардын эсебинен чет өлкөгө тез-тез иш сапарларына чыккан. Нурматова аны мыйзамдаштыруу үчүң насыяланган каражаттарды пайдалануу максатын көрсөтүү менен тиешелүү келишим түзгөн.

Кылмышка шектүү Нурматованын кызматтык бөлмөсүн жана жашаган жерин тинтүү учурунда, документтерди жасалмалоо максатында колдонулган ар кандай мамлекеттик органдардын жана коммерциялык структуралардын мөөрлөрү, ошондой эле товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жасалма белгилери менен жеткирүү боюнча келишимдер табылган.

Азыркы учурда «Н.Ж.Б.» катышкан башка мыйзамсыз фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5964