«Аялзат» кризистик борборунда 4 аял жана 11 бала убактылуу баш калкалап жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, борбордун жашоочуларына психологиялык, укуктук жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
“Ошондой эле борбордун кызматкерлери иш кагаздарын жүргүзүүгө жардам беришет, жабырлануучуларды сот жана укук коргоо органдарында коштоп жүрүшөт”, — деп берилет малыматта.
Эске салсак, «Аялзат» борбору ушул жылдын февраль айында ачылып, 60 орунга эсептелген жана шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат.