7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Тажикстандын облус башчылары сүйлөшүп, аң казуу токтотулду

712

Кечээ, 12-августунда КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы аң казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан курулуш иштери (тосмо) боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, натыйжада Лейлек районунун Катта Туз участкасындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Лейлек районунун Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң кайрадан толтурулду.

Мындан сырткары, жакынкы аралыкта чек аралаш аймактардагы жаралган көйгөйлүү маселелер жана чек арадагы орун алган окуяларды алдын алуу жана болтурбоо боюнча Баткен жана Согди облустарынын башчылары баштаган эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713