7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Венесуэланын ортосунда кызматтык жана диппаспорт ээлери үчүн виза жокко чыгарылат

482

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визаларды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 30-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Венесуэла Боливар Республикасынын жарандарынын – дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү жана болуу үчүн визалык талаптардан 90 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулары каралган.

Макулдашууну ратификациялоо ишкердик мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандарды – дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.

483