7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Мьянманы ири эсеп менен утууда

658

Жапониянын Осака шаарында Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешинде кыргызстандык футболчулар биринчи таймда беш топ киргизди.

  • Турсунали Рустамов 22-мүнөттө;
  • Гулжигит Алыкулов 29-мүнөттө;
  • Фархат Мусабеков 34-мүнөттө;
  • Алимардон Шүкүров 44-мүнөттө;
  • Мирлан Мурзаев 45-мүнөттө.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталды. Оюндун 24 мүнөтүндө Мьянма оюнчусу Йан Наинг (Yan Naing) орой ойногону үчүн кызыл айып кагазын алып беттештен чыгарылды.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда боло турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат.

Эскерте кетсек, аталган командалардын буга чейин 2019-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөн таймашында кыргыз футболчулары 7:0 эсебинде жеңишке жеткен.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659