7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан — Россия аба каттамы 1-декабрдан тарта көбөйөт

777

Кыргызстан — Россия аба каттамы 1-декабрдан тарта көбөйөт. Бул тууралуу Москва шаарына жумушчу сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин талкуулады.

Жапаров Орусияга үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдардын санын жогорулатуу тууралуу кабыл алынган чечими жана «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы түрүндөгү гуманитардык жардамдын жеткирилиши үчүн ыраазычылык билдирди.

Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин салыктык жана бажылык башкаруу системасын санариптештирүүнү, анын ичинде салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда заманбап маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү зарылдыгын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

778