7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада алтын утту

628

Кыргызстан 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (IMO) биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи. Кыргызстандык окуучулар бир алтын медал, үч күмүш медал жана эки ардак грамотага ээ болгонун Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Биринчи орунду Бишкектеги №61 мектеп-лицейдин окуучусу Назар Киргизбаев ээледи. Күмүш медалды “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Ян Бобрус, эл аралык UWIS мектебинде билим алган Элдар Искендер алды. Үч окуучуну тең мугалим Мамат Ишматов олимпиадага даярдаган. Дагы бир күмүш медалга Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин окуучусу Искен Кенжебаев ээ болду. Анын мугалими — Азамат Аскаров.

Ишматовдун дагы эки окуучусу — Нурсултан Эшперов менен Султан Мусахожаем Ардак грамота алышты.

Эл аралык математикалык олимпиада 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өтүп, 600дөн ашуун окуучу катышты.

 

629