7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан жана Казакстандын президенттери Бишкектеги мектеп-гимназияга барышты

369

Президент Садыр Жапаров жана Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта, Бишкектеги Кемел Токаев атындагы № 33 орто мектеп-гимназиясына барышты.

Билим берүү мекемеси 1940-жылы негизделген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында имараты мотоаткычтар окуу жайы жана аскердик госпиталь катары пайдаланылган. Анын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында согуштун катышуучулары, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун I жана II даражадагы ордендеринин кавалери, жазуучу Кемел Токаев бар.

1947-жылдын 1-сентябрында мектеп өз ишин жандандырган. 2012-жылы ал “мектеп-гимназия” макамын алган.

2025-жылдын майында Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен мектеп-гимназияга Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылган.

Бүгүн № 33 мектеп-гимназиясы Бишкектеги эң мыкты он билим берүү мекемесинин катарына кирет. 

Кыдыруу учурунда мамлекет башчылар мектептин имаратын жана Кемел Токаевге арналган маалымат бурчун көрүп чыгышты.

Андан соң лидерлерге буга чейин Казакстандын Президенти белек кылган окуучулар үчүн автобусту көрсөтүштү.

Мындан тышкары президенттер мектеп-гимназиянын жамааты жана окуучулары менен баарлашышты.

Соңунда Президент Касым-Жомарт Токаев окуучуларга окуудагы ийгиликтерди каалап, мектеп келечектеги лидерлерди жана татыктуу адистерди тарбиялап чыгарат деген үмүтүн билдирди.

 

370