7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 14 кылмаш жасап, издөөгө алынган жаран Москвадан кармалды

939

Алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран Москвадан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, из жашырып жүргөн жаран Жалал-Абад облусунун 39 жаштагы тургуну. Ал орусиянын укук коргоо кызматкерлеринин жардамы менен 29-октябрда колго түшүрүлгөн.

“Кылмышкер милиция кызматкерлерине жакын тууганынын паспортун көргөзгөн. Ал 2016-жылдан бери алдамчылыктын 14 түрүн жасаганы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин реестрине катталган. Жабыркаган ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң 500 доллардан ашык.Тергөөнүн версиясы боюнча, аталган жаран жасалма документтерди жасап, соода жайларынын ээси катары жарандарды алдап, аларга башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз сатып жиберген», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кылмышка шектүү  беш жылдан бери качып жүргөн.  Азыр ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

940