7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 2,6 миң бейтаптын бөйрөгү бекер алмаштырылат

583

Президент Садыр Жапаров гемодиализ алган бардык жарандардын бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирген.

Анын айтымында, жалпы өлкө боюнча бюджеттин эсебинен гемодиализ алгандардын саны 2 миң 685 бейтапты түзөт.

«Гемодиализге бюджеттен 2,5 млрд сом сарпталат. Бейтаптардын жашоо шарты дагы жакшы эмес, аларга узак жол жүрүүгө болбойт. Операция 650 миң сомго жакын каражатты талап кылат жана бул үнөмдүү болот», — деди Бейшеналиев.

Министр түрк тарап менен бөйрөк алмаштыруу операцияларын Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Достугу» ооруканасында жасоо макулдашылганын кошумчалады.

Учурда Кыргызстандык адистер бөйрөк алмаштыруу боюнча Түркияда окуудан өтүшүүдө.

 

 

584