7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда биринчи жолу “Достук” республикалык хор сынагы өтөт

605

Сынактын расмий ачылышы жана тандоо туру 16 -май күнү саат 11:00 К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында башталат.

17-май күнү кечки саат 19:00 Тарых музейинин алдында 12 хор коллективи катышкан концерттик программа жана сыйлык тапшыруу аземи өтөт.
Иш- чаранын алкагында Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын камердик хору жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын хору концерттик программа көрсөтөт.

Ошондой эле, 12 хор коллективи биргеликте, С. Юсуповдун “Кыз бала экен жылкычы”, Карл Орфф кантанта Кармина Бурана “Фортуна” жана Н. Давлесовдун “Селкинчек” (коштоо менен) ырын биргеликте аткарышат.

Сынак хор ырдоо өнөрүн жайылтуу, коомчулукту хор чыгармачылыгы жана аткаруучулук чеберчилиги менен тааныштыруу. Ошондой эле, алардын репертуарын кеңейтүү, жаңы чыгармачылык байланыштарды түзүү, хорлордун байланышын өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүдө.

•Катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн хор аткаруу түшүнүүнү кеңейтүү үчүн,ар кандай агымдагы жана стилдеги хорлордун биргелешкен аткаруулары, ар кайсы доордогу музыкаларды ар кайсы тилде аткаруу;
• Хор дирижерлорунун профессионалдык баарлашуусу үчүн аянтчаны түзүү;
• Чыгармачылык тажрыйба алмашуу жана аткаруучулук чеберчиликти өркүндөтүү үчүн профессионалдык жана ышкыбоздук хорлордун биргелешип чыгуу;
• Хор ырдоо жаатында жаңы ысымдардын жана таланттардын алып чыгуу;
• Сынактан кийин гастролдук жана концерттик иш-чараларын уюштуруу үчүн музыкалык продюсерлерди жана менеджерлерди тартуу болуп саналат.

Катышуучулар республиканын ар кайсы аймактарынан келген ышкыбоздор жана студенттердин хорлору, курамы боюнча – аралаш, бир тектүү болуп катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

606