Суусамыр дарыясына түшүп кеткен 42 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 06:15те ӨКМнин КДМБнан 12 куткаруучу, Жайыл райондук №22 ӨКБдан 5 куткаруучу, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 3 куткаруучу, Панфилов райондук №2 ӨКБдан 1 куткаруучу, суучулдар кызматынан 6 суучул, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 15 адам Жумгал районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жумгал райондук №43 ӨКБдан 12 куткаруучу тартылган.
Аталган жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып туугандарына өткөрүлүп берилүүдө.
Белгилей кетсек, 11-май күнү Суусамыр суусуна 42 жаштагы И.Б. аттуу эркек киши түшүп кеткен.