7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда биринчи жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

627

11-13-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында алгачкы жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаменттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпионатына 50гө жакын өлкөдөн 500дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков келет.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:
Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг.

Чемпионаттын байге фонду 231 000 АКШ долларды түзөт.
1-орун- 4000 АКШ доллар;
2-орун- 3000 АКШ доллар;
3-орун- 2000 АКШ доллардан (ар бирине).

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-ноябрь күнү «Кабар» маалымат агенттигинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаевдин жана Эл аралык самбо федерациясынын аппарат жетекчиси Александр Корсиктин катышуусунда маалымат жыйын өтөт

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

628