Кыргызстанда коронавируска каршы 2,3 млн доза вакцина калды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Жалпысынан Кыргызстанга 6 млн 168 200 доза вакцина келген жана сатып алынган. Анын ичинен 3 млн 571 443 доза пайдаланылган. Жарактан чыгарылганы — 267 578 доза, калганы — 2 млн 329 179 доза.
Анын ичинен:
Республикалык бюджеттен – 2 млн 460 миң доза,
• Спутник V – 110 миң доза,
• Sinopharm – 2 млн 350 миң доза.
COVAX – 1 млн 428 миң доза,
• Moderna – 216 миң доза,
• Sinopharm – 298 800 доза,
• AstraZeneca – 454 560 доза,
• Pfizer – 458 640 доза.
Гуманитардык жардам – 2 млн 280 200 доза,
• Спутник V – 10 миң доза,
• QazVac – 25 миң доза,
• AstraZeneca – 95 200 доза,
• SinoVac – 150 миң доза,
• Спутник Lite – 200 миң доз,
• Sinopharm – 1 млн 800 миң доз.
Августта COVAX механизминин алкагында 100 629 доза Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө.