7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын үч жеринде жер титиреди

578

Кечээ күнү, Кыргызстандын үч жеринде жер титиреди, деп билдирет Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМдин басма сөз кызматы.

«Саат 06:41де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Суу районунун Лангар айылында эки баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Ал эми Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ал саат 15:52де катталганы кабарланды. Жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Жылгын, Коргон, Авлетим, Мукур, Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу, Аркыт айылдарында төрт балл, Ак-Дөбө, Жаңы-Жол, Кой-Таш, Кара-Жыгач, Чарбак, Жүзүмкан, Кызыл-Көл айылдарында жана Кербен шаарында үч балл, Таш-Көмүр шаарында жана Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле саат 20:54тө Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болуп, ал Кочкор районунун Шамшы, Дөң-Алыш, Комсомол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Кабарлангандай, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579