7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда саат 12:00гө карата 339 миң 785 жаран добуш берди

717

Кыргызстанда түшкү саат 12:00гө карата 339 миң 785 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров брифингде кабарлады.

Муну менен шайлоого катышуу 9,17 пайызды түздү. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.

Аймактар боюнча алганда катышуу эң көп Ош облусунда болду, пайыз менен алганда 10,94%.

  • Бишкек шаарында 36 миң 794,
  • Ош шаарында 17 миң 37,
  • Жалал-Абад облусунда 69 миң 58 жаран,
  • Ысык-Көл облусунда 25 миң 915 жаран шайлоого катышты,
  • Нарын облусу боюнча 20 миң 623,
  • Ош облусу боюнча 73 миң 213 жаран добуш берди,
  • Талас облусу боюнча 15 миң 941,
  • Чүй облусунда 47 миң 769у катышты,
  • Баткенде 31 миң 917 жаран добуш берди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 1518 мекендеш добуш берди. Муну менен Кыргызстандын сыртындагы шайлоочулардын катышуусу 1,8 пайызды түздү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

718