7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суу районундагы дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Раяна табылды

642

Кара-Суу районундагы дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Раяна табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-ноябрь күнү болжол менен саат 05:00 чамасында, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылынын тургуну 2006-жылдын 5-май күнү төрөлгөн Ахматова Раяна Рустамовна үйдөн белгисиз тарапка чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугун атасы 1973-жылы туулган Мамаюсупов Рустам билдирип арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча 2021-жылдын 8-ноябрь күнү сотко чейинки өндүрүш иши катталып, тергөө иштери башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Р.Ахматованын жүргөн жери такталып, Кара-Суу РИИБнун кызматкерлери тарабынан алынып келинген, дайынсыз жоголгон Р.Ахматова өзүнүн берген көрсөтмөсүндө төмөндөгүлөрдү билдирген, 2021-жылдын 4-ноябрь күнү ата-энеси менен пикир келишпестик болуп үйүнөн эч кимге айтпай чыгып кеткендигин, ошол күндөн бери Өзгөн шаарындагы ашканаларда иштеп жүргөндүгүн билдирип, кылган ишине өкүнүп турганын айтып, мындан кийин уруксаты жок үйдөн чыкпай тургандыгын жана ден соолугу жакшы экендигин билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643