Кыргызстанда түшкү саат 12:00гө карата 339 миң 785 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров брифингде кабарлады.
Муну менен шайлоого катышуу 9,17 пайызды түздү. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.
Аймактар боюнча алганда катышуу эң көп Ош облусунда болду, пайыз менен алганда 10,94%.
- Бишкек шаарында 36 миң 794,
- Ош шаарында 17 миң 37,
- Жалал-Абад облусунда 69 миң 58 жаран,
- Ысык-Көл облусунда 25 миң 915 жаран шайлоого катышты,
- Нарын облусу боюнча 20 миң 623,
- Ош облусу боюнча 73 миң 213 жаран добуш берди,
- Талас облусу боюнча 15 миң 941,
- Чүй облусунда 47 миң 769у катышты,
- Баткенде 31 миң 917 жаран добуш берди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 1518 мекендеш добуш берди. Муну менен Кыргызстандын сыртындагы шайлоочулардын катышуусу 1,8 пайызды түздү.