Баткен облусунун аймагында Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата укук бузуу фактылары аныкталган жок. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн облус аймагында жалпы 1200гө жакын милиция кызматкери коомдук коопсуздукту сактоодо.
Ар бир шайлоо участкаларына бөлүнгөн ички иштер органдарынын кызматкерлери, ыктыярдуу элдик кошуундар элдин коопсуздугун коргоо, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.