7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда түндө дагы эки ирет жер титиреди

600

24-январь күнү саат 01:11де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал эми Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2,5, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллга (Ыштык айылынан 38 чакырым түштүк чыгышта, Кажы-Сай айылынан 147 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Ошондой эле жер титирөө Кытай Эл Республикасында саат 02:38де кайталанып, күчү 6,5 баллга жеткен. Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда республиканын жер титирөө катталган аймактарында ӨКМдин кызматкерлери жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө.

601