7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан Өзбекстанга 100дөй таш бака алып бараткан киши кармалды

368

Кечээ, 8-апрелде “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу ири партиядагы аквариумдук таш бакаларды алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.

«Стандарттуу паспорттук көзөмөл процедурасы учурунда чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанга бараткан жарандын шектүү жүрүм-турумун байкашкан.

Текшерүү учурунда 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны рюкзагына полиэтилен баштыкка тирүүлөй 100 аквариумдук таш баканы салып алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган. Кармалган жаран таш бакаларды бейтааныш адамдын өтүнүчү менен чек арадан алып өтүүгө алгандыгын билдирген. Текшерүү учурунда ал жаранда жаныбарларды чек арадан алып өтүүгө уруксат берүүчү доументтер жок экендиги аныкталган» — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган жаран жана конфискацияланган таш бакалар андан аркы териштирүүлөр жүргүзүлүшү жана мыйзам чегинде чара көрүлүшү үчүн тийиштүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилген.

369