7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык эркектер тууралуу кызыктуу цифралар жана фактылар

397

Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандын эркектери тууралуу кызыктуу цифраларды жана фактыларды даярдады.

Республикада эркектердин саны 2025-жылдын башына карата 3,6 миллион адамды түзгөн, бул жалпы калктын 49,5% түзөт. Алардын үчтөн экиси айыл жеринде жашайт. Ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында жашайт.

2023-жылы эмгекке жарамдуу курактагы эркектердин иш менен камсыз болуу деңгээли болжол менен 77% түзгөн. Иштеген эркектердин орточо жашы 38 жашты түзөт. Өлкөнүн экономикасында иштеген ар бир жетинчи эркек 30-34 жаштагылар.

Эркектер негизинен курулуш, транспорт, кен казуу жана энергия менен камсыздоо тармактарында эмгектенишет.

2023-жылы 45,5 миң эркек никеге турган. Көпчүлүк эркектер 20-29 жашта үй-бүлө курат. Биринчи никеге тургандардын орточо жаш курагы 27,6 жашты, экинчиси 40 жаш 2 айды түзөт.

Мамлекеттик башкаруу органдарында да (57,9%) , жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да (62,7%) мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгүн эркектер түзөт.

Бул цифралар жана фактылар Кыргызстандын турмушунда эркектердин орду зор экендигин айгинелейт.

398