7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Европанын Code 95 сертификаты: Окутуу эми Кыргызстанда жүргүзүлөт

245

Эми Европанын айдоочулук сертификатын алуу боюнча окутуу Кыргызстанда жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

Маалым болгондой, Европа тарап менен жетишилген макулдашууга ылайык, окутуу лицензияланган европалык компаниянын катышуусунда жүргүзүлөт. Бул жарандарга Европа өлкөлөрүнө барбастан эле, ортомчусуз сертификат алууга мүмкүнчүлүк түзүп, убакытты жана чыгымдарды азайтат. Бул сертификатка ээ болгон жарандар Европа Биримдигинин аймагында расмий түрдө иштей алышат.

Мындан тышкары, окуудан өткөн айдоочуларды Европа өлкөлөрүнө жумушка орноштуруу каралган. Мисалы, Германияда быйыл 500 миңге жакын айдоочуга суроо-талап бар.

Окутуу эки форматта жүргүзүлөт:
— 1 жумалык курс — 2009-жылдын 10-сентябрына чейин CE категориясын алган айдоочулар үчүн.
Бул курс болжол менен 35 сааттык теориялык окутууну камтыйт. Мындан тышкары, ушуга жакын көлөмдө практикалык сабактар да болот.
— 3 жумалык курс — 2009-жылдын 10-сентябрынан кийин CE категориясын алган айдоочулар үчүн. Кыргызстанда окуудан өткөндөр Европа өлкөлөрүндө кошумча экзаменсиз эле иштей алышат.

Долбоор айдоочулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана эл аралык эмгек рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Окуу июнь–июль айларында башталат.

246