7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламенттин колдоосу менен БШКнын курамы кыскартылды

256

Жогорку Кенештин депутаттары «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун жана «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун III окууда кабыл алышты.

Мыйзам долбоорлорун депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастанбек Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев жана Талайбек Масабировдор демилгелеген.

Белгилүү болгондой, мыйзам долбоорлору Кыргызстанда шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анда БШКнын сандык курамын кыскартуу сунушталууда.

257