7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын авиациясы «кара тизмеден» чыгуу жолунда

416

24-25-октябрда Брюссель шаарында Кыргыз өкүлчүлүгү Еврокомиссиянын Унаа жана ыкчамдык боюнча жалпы башкармалыгынын жетекчилиги менен жолукту.

Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Данияр Бостонов комиссиянын өкүлдөрү менен Евробиримдиктин «кара тизмесинен» Кыргызстанды чыгаруу маселесиндеги жетишкендиктерди талкуулады.

Бостонов комиссиянын алдында — өлкөдө ишке кирип жаткан жаңы программалар менен инспекторлорду окутуу жөнүндө жана авиациялык инфратүзүм жаңыртылып жатканы тууралуу айтып берди. Еврокомиссия башкармалыгынын коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Петер Соренсен үстүбүздөгү жылдын июлунан берки Кыргызстандын аракеттерин жогору баалап, өлкө эл аралык стандарттарга жооп берээрин бышыктады.

Авиациядагы коопсуздук боюнча жыл сайын чыгуучу Евробиримдиктин отчётуна Кыргызстанды киргизүү тууралуу документтер топтому европалык тарапка берилди. Бул отчёт ноябрда чыгыш керек. Андан тышкары, Авиациядагы коопсуздук боюнча европалык агенттиктин Кыргызстанга консультациялык жардам көрсөтүү маселеси дагы талкууланды жана бул агенттиктин инспекторлору өлкөгө 2025-жылдын башында келиши мүмкүн.

417