7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Мьянманы жеңди

590

25-сентябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда жаштар арасында 2025-жылы өтө турган Азия кубогуна тандап алуу оюндары старт алып, Кыргызстан курамасы алгачкы беттешинде Мьянма менен кез келди.

Беттештин алгачкы бөлүгүнүн 17 мүнөтүндө эсеп санын Байбол Эрмеков ачты. Ал эми 37-мүнөттө Ырыскелди Маданов дагы бир гол киргизип командасын алдыга алып чыкты. Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын курамасы 2:0 эсебинде оюнду жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, ушул эле тайпада Япония менен Түркмөнстан ойноп, япондор да 2:0 эсебинде атаандашын жеңген. 27-сентябрда Кыргызстан Түркмөнстан менен ойнойт.

Тандап алуу оюндарына жалпы 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген алты курама жолдомо алышат. Биздин курама «I» тайпасында Мьянма, Түркмөнстан жана Япония курамалары менен бирге жайгашкан.

591