7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга Афганистандан качкындар келип жатат делген маалымат жалган

821

Социалдык тармактарда Афганистандан качкындар кыргызстанга келип жатат деген маалымат ишенимдүү эмес. Кыргызстан Афганистан менен жалпы чек арасы жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Муну менен катар чек ара ведомствосу Афганистанда болуп жаткан окуяларга жана тажикстан, өзбекстан жана Түркмөнстандын чек араларындагы абалга тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара өкүлдөрүнүн аппараты менен өз ара кызыкчылыкты жараткан маалыматтар менен ич ара алмашып турууну активдештирген. Кыргызстандын мамлекеттик органдары жана укук коргоо органдары менен биргелешкен аракеттер планы жана мамлекеттик чек арадагы кырдаал курчуп кеткен учурда өз ара аракеттенүү механизми иштелип чыкты.

Коопсуздукту камсыздоо максатында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкесине убактылуу чек ара бекети коюлду, КР УКМК Чек ара кызматы башка күч түзүмдөрү менен биргеликте пландык чалгындоо-издөө аракеттерин жүргүзүүдө.

КР Чек ара кызматы чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагына уруксат документтери болгондо гана өткөрүү пункттары аркылуу кире аларын эскертет.

Мамлекеттик чек аранын бардык аймагында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. КР чек арачылары күнүмдүк режимде кызмат өтөшүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

822