7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга Asman Airlines компаниясынын экинчи учагы келди

392

Кыргызстанга Asman Airlines авиакомпаниясынын экинчи учагы келип конду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдирди.

Бул ички каттамдарды тейлөө үчүн «Манас» эл аралык аэропорту алган экинчи учак. Компания үчүнчүсү кийинки жылдын январында, төртүнчү самолет майда келерин билдирди.

Жаңы конгон Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учак Канадада чыгарылган. Ал кыска аралыкка учуп, 80 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Эске салсак, ушундай учактын биринчиси өлкөгө сентябрда келип, учурда ички каттамдарды аткарууда.

«Манас» аэропорту Талас, Нарын, Каракол, Казарман, Кербендеги аэропорттор жакын арада иштеп баштаарын, учурда учак кабыл алууга толугу менен даяр экенин кошумчалады.

393