7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга дагы 50 мектеп автобусу келди

580
“Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму Кыргызстанга дагы 50 мектеп автобусун белекке берди.
Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, «Евразия» кеңешинин төрагасы Алена Аршинова маалымат жыйында билдирди.
“Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүүнүн 100 жылдыгына карата республиканын алыскы аймактарындагы балдар үчүн дагы 50 автобус белекке берип жатабыз. Алыскы райондордон мектепке каттаган балдар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү. Мектеп автобустары “Евразиялык лицей” программасынын алкагында сатып алынган”, — деди А.Аршинова.
Эске салсак, 11-сентябрда 50 автобус берилген. Жалпы Кыргызстанга 100 автобус өткөрүлүп берилди. Сентябрдын башында «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кызматташуу жана долбоорду өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюшкан.
581