7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда каза болгон кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө 2,2 млн рубль камсыздандыруу төлөндү

246
Россияда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Өкүлчүлүгү каза болгон кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга көмөк көрсөттү.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны үй-бүлөсү багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу төлөмдөрдү алуу боюнча кайрылган.

Өкүлчүлүк тарабынан тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Россиянын Социалдык фондунун Москва шаары жана Москва облусу боюнча бөлүмүнө расмий кайрылуулар жөнөтүлгөн.

Анын жыйынтыгында, 2026-жылдын 10-июнунда жаранга 2 миллион 200 миң рубль өлчөмүндө бир жолку камсыздандыруу төлөмү берилди.

Мындан тышкары, каза болгон жарандын үч жашы жете элек баласына бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу каражаты дайындалганы маалым болду.

247