7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга жер жаңгактын импорту дээрлик эки эсеге өстү

231

2026-жылдын январь–апрель айларында Кыргызстанга 96,1 млн сомдук жер жаңгак импорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Алгачкы төрт айда өлкөгө жалпы 1,7 миң тоннага жакын жер жаңгак алынып келинген.

Импорттун негизги бөлүгү Өзбекстандан (1 084,2 тонна) жана Кытайдан (600,8 тонна) ташылган. Мындан тышкары, Түркмөнстандан – 5,3 тонна, Россиядан – 900 килограмм жана Тажикстандан – 400 килограмм жер жаңгак импорттолгон.

Статистикага ылайык, быйылкы төрт айдагы жер жаңгактын импорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйгөн. 2025-жылдын январь–апрель айларында Кыргызстанга 877,6 тонна жер жаңгак импорттолгон.

232