7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытай компаниясы Ошто энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүнү пландоодо

373

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев менен Кытайлык Xinjiang Energy (Group) Co., Ltd компаниясынын директору ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, макулдашуунун максаты – Ош облусунун аймагындагы көмүр кендерин иштетүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүү боюнча стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү. Бул кадам заманбап энергетикалык чечимдерди ишке ашырууга, аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого жана энергия менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.

Салтанаттын жүрүшүндө президенттин өкүлү меморандумга кол коюу облустун энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачарын, ошондой эле эл аралык инвестицияларды жана инновациялык технологияларды тартууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ал эми Xinjiang Energy (Group) Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү кызматташуунун жогорку потенциалын белгилешип, аймакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга салым кошууга даяр экендиктерин ырасташты.

Кол коюу аземинин соңунда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетика тармагындагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөдөгү маанилүү кадам болгону баса белгиленди.

 

374