Москва районунда Бишкек – Ош унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар буздурулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мыйзамсыз курулуштар Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте демонтаждалды.
Шаар куруу жана архитектуралык талаптарга шайкеш келбеген объектерге мындан ары да демонтаждоо иштери жүргүзүлөт.