7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайда каза болгон кыргыздын табытын алып келүү үчүн 13 000 доллар сарпталат

834

2020-жылдын 22-ноябрында Кытайда каза болгон 58 жаштагы кыргызстандык жарандын сөөгүн Түркия аркылуу Кыргызстанга алып келүү маселеси каралууда.

Бул тууралуу маркумдун кызына таянып «Азаттык» радиосу кабарлады.

Анын айтымында, сөөктү кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр аяктап калды, бирок авиакаттамдын күнү жана убактысы так белгилене элек. Жалал-Абад облусунун тургуну Кытайда эмгек миграциясында жүргөн.

Ал капилет кармаган жүрөк оорусунан улам каза болгон. Сөөгүн алып келүү үчүн жакындары түркиялык авиакомпанияга 13 миң доллардан ашуун каражат которгон.

Жалал-Абаддагы адам укугун коргогон «Справедливость» уюмунун маалыматына караганда, маркумдун сөөгүн Гуанчжоу-Стамбул-Бишкек каттамы менен алып келишет.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы жүргүнчү каттамдар бир жылдан бери ачыла элек. Буга COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан карантиндик чаралар себеп болууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

835