7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин унаалары жол кырсыгына кабылды

557

Бүгүн, 1-февралда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин эки автоунаасы Бишкекте жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу окуяга күбө болгон “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Кырсык Манас проспектисинде, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында катталган. Окуя болгон жерде Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь да жүрөт. Элчиликтин BMW үлгүсүндөгү унаалары Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.

Окуя болгон жерде Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.

 

 

558