7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызмат адамдары тарабынан жерлерди мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды

666

Кызмат адамдары тарабынан жерлерди мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын, мэриянын жер ресурстарын башкаруу кызматынын, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин шаардык бөлүмүнүн жана Бишкек шаарындагы жер тилкелерди ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча комиссиясынын кызмат адамдары тарабынан жерлерди мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.

«Прокурордук текшерүүсүндө борбордогу райондордун биринин мурдагы башкы архитектору Ж.М. ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузуу менен жогоруда аталган мамлекеттик мекемелердин жооптуу кызматкерлери менен макулдашууга барып, Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы токтому менен мораторий киргизилген жерлердин ичинен мыйзамсыз түрдө архитектуралык-техникалык корутунду даярдап, жубайы А.М. аттуу жаранга каттатып алган»,-деп берилет маалыматта.

Эске салсак, текшерүүнүн жыйынтыгы менен чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

667