7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызматтык иттердин жардамы менен 100 кылмыштын бети ачылган

537

2023-жылы Кыргызстанда кызматтык иттердин жардамы менен 100 кылмыштын бети ачылган. 438 килограммдан ашык ар кандай баңгизаттары, анын ичинен 83 килограммдан ашыгы гашиш, 89 килограммдан ашыгы марихуана жана башка баңгизаттары алынган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологиялык борборунун кызматкерлери окуя жана кылмыш болгон жерге 535 жолу чыгышкан. Кызматтык издөө иттери ар кандай кылмыштарды, анын ичинде уурулук, тоноо жана башка кылмыштарды ачууда колдонулган.

«Кинологдор күн сайын иттер менен машыгууларды өткөрүп, жалпы окуу курсун өздөштүрүп, аларга издөө, кармоо, баңги заттарды издөө сыяктуу эң керектүү көндүмдөргө үйрөтүшөт. Көбүнчө кинологдор коомдук-саясий, маданий-массалык, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүүдө укук тартибин сактоого тартылат. Бул кесипке, кызматкер жөн гана келип калбайт. Ал өз кесибин сүйгөн, чын жүрөктөн мамиле кылган гана кызматкер», — деп айтылат маалыматта.

 

538